Проект жөнүндө

«ЖОЛ БОЛСУН» — Кыргызстан боюнча айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана жүк жөнөтүүчүлөрдү бириктирген онлайн платформа.

Айдоочулар үчүн

Жол каттамыңыз же жүк жеткирүү жөнүндө жарыя жайгаштырып, жүргүнчүлөрдү жана кардарларды табыңыз.

Жүргүнчүлөр үчүн

«Кайдан — Каякка» багытын тандап, керектүү жолду издеңиз. Катталуунун кереги жок.

Колдонуу үчүн 3 кадам

Жарыяларды туура колдонуу үчүн.

1

Катталуу

Телефон номериңиз менен катталыңыз.

2

Жарыя чыгарыңыз

Жол же жүк жөнүндө жарыяңызды жайгаштырыңыз.

3

Кардар табыңыз

Жарыяңыз тиркемеде жана jolbolsun.kg сайтында чыгат.

Колдонуу эрежелери

Айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн маанилүү маалымат.

«ЧЫКТЫМ» баскычын басыңыз

Жолго чыкканда жеке кабинетиңизге кирип, «ЧЫКТЫМ» баскычын басыңыз. Жарыяңыз издөөдөн алынат.

Жарыяны 2–3 күн алдын ала чыгарыңыз

Ошондо жарыяңызды көбүрөөк жүргүнчүлөр жана айдоочулар көрөт.

Бир эле жарыя жетиштүү

Жарыяны кайра-кайра чыгаруунун кереги жок. 1 эле жарыя жетиштүү.

Жарыя 7 күндөн кийин өчүрүлөт

Жарыялар 7 күндөн кийин автоматтык түрдө сайттан жана тиркемеден өчүрүлөт.

Мобилдик тиркеме

«ЖОЛ БОЛСУН» тиркемесин жүктөп алыңыз

App Store же Google Play аркылуу телефонуңузга жүктөп алыңыз.

Колдонуучулар үчүн маалымат

Колдонуучу менен келишим жана купуялуулук саясаты, төлөө жана кайтаруу эрежелери, реквизиттер.